Педагогиканын турлору

Автор: Пользователь скрыл имя, 18 Февраля 2013 в 15:11, курсовая работа

Краткое описание

Теманын актуалдуулугу. Азыркы учурда дүйнөлүк педагогика, предметтерди окутуу методикасы, тактап айтканда жалпы эле адамзат башка илим, технологияларга кызыгуусун жаратып жаткан учуру. Мындай интенсивдүүлүктүн бирден - бир себеби технологиялардын өсүшү менен гана байланыштуу эмес, илимдердин интеграцияланышы, инсандын өзүн-өзү таанып билүүгө жакындашуусу менен да түшүндүрүлөт.

Оглавление

КИРИШУУ………………….……………………………………………………..3
БИРИНЧИ БОЛУМ.
ПЕДАГОГИКАЛЫК ТЕХНОЛОГИЯ
Педагогикалык технологиянын негиздери………………………….……5
Педагогикалык технологиялардын түрлорү…………………………….11
ЭКИНЧИ БОЛУМ
ПЕДАГОГИКАНЫН СТРУКТУРАСЫ
2.1 Педагогикалык процесс система катары…………………………….….20
Педагогикалык процесстин түзүлүшү………………………………...…23
Жыйынтыктоо……………………………………………………….….…28
Колдонулган адабияттар……………………

Файлы: 1 файл

Педагогикалык чеберчилик.doc

— 182.50 Кб (Скачать)

Демек, педагогикалык процессти жүргүзөөрдүн алдында анын максат компоненти ачык, айкын белгилениши керек. Мүмкүн болушунча педагогикалык процесстин максаты ар бир окуучуга түшүнүктүү жана далилдүү жеткирилиши керек.

Педагогикалык процесстин маңыз компоненти жалпы жана конкреттүү максатты ишке ашыруу үчүн өткөрүлүүчү ишмердүүлүктү өзүнө камтыйт. Бул компонент педагогикалык процесстин ички касиетин мүнөздөйт, башкача айтканда анын мазмунун. ишмердүүлүктүн ирээтин өзүнө камтыйт. Педагогикалык процесстин мазмуну жана анын ирээти ар бир окуучуга жөнөкөй жана түшүнүктүү жеткирилиши керек.

Педагогикалык процесстип ишмердүүлүк компоненти - педагогдордун жана тарбиялануучулардын жалпы белгиленген максатка жетүү үчүн, аныкталган маселелерди ишке ашыруу үчүн түздөн-түз кыймыл-аракеттеринин жыйындысын мүнөздөйт. Айрым учурда педагогикалык процесстин бул компонентин уюштуруу же уюштуруу- жетектөө компоненти деп аташат. Ишмердүүлүк компоненти педагогикалык процесстин өтүү убагында педагогдордун жана окучуулардын аракеттенүүсүн мүнөздөйт. Демек. педагогикалык процесстин жүрүшү педагог жана окуучулардын бири-бирине болгон катышы жана байланышы менен, алардын бири-бирине болгон таасири менен аныкталат.

Педагогикалык процесстин жыйыкгык компоненти - ал процесстин натыйжалуу, же болбосо натыйжалуу эмес өткөндүгүн жана анын негизги максатка жетишин, же болбосо жетпей калганын көрсотөт. Жыйынтык компоненттин аныктоо менен бирге, педагогикалык процесстин андан-ары эффективдүү өтөрүнө шарт түзүүгө болот.

Педагогикалык процесс бул окуу-таануу ишмердүүлүгүн жүргүзүүнүн негизинде алдын-ала белгиленген жыйынтыктарды алуу үчүн жүргүзүлөт. Ошондуктан, бардык эле ишмердүүлүк процессиндей эле, педагогикалык процесс өзүнүн объектиси, предмети, ишмердүүлүктүн каражаттары жана ишмердүүлүктүн жыйынтыгы менен мүнөздөлөт.

Педагогикалык процесстин, башкача айтканда окуу- таануу ишмердүүлүгүнүн объектиси бул тынымсыз өнүгүп жаткан инсан жана инсандардын коллективи. Педагогикалык процесс тынымсыз өзгөрүүдө болот, себеби анын объектиси тынымсыз, үзгүлтүксүз өз алдынча өнүгүүчү инсан жана инсандык коллектив. Натыйжада педагогикалык процесстин жыйынтыгы дагы өзгөрмөлүү болот.

Педагогикалык процесстеги педагогдун ишмердүүлүгүнүн предмети - бул өнүгүүнүн баштапкы абалындагы жана чоң адамдар ээ болгон билимге, билгичтикке жана көндүмгө али ээ боло элек инсанды калыптоо болуп саналат. Ар бир инсан өзүнө гана тиешелүү болгон мүнөзүнө жана касиеттерине ылайык белгилүү бир закон ченемдүүлүктүн негизинде психикалык жана акыл- эстик калыптанууга ээ болот. Жаш муундардын калыптанышы педагогикалык таасирге түздөн-түз көз каранды эмес, себеби ал окуучулардын өздүк мүнөздөмөлөрүнө: кабыл алуу, түшүнүү, ойлонуу жана башка көгггөгөн касиеттерине көз каранды.

Педагогикалык процесс иш жүзүнө ашышы үчүн сөзсүз түрдө аныкталган каражаттар колдонулушу керек. Ага, биринчи ирээт педагогдун профессионалдык даярдык деңгээли, кесиптик тажрыйбасы жана педагогикалык чеберчилиги кирет. Тактап айтканда педагогикалык процессте колдонулуучу негизги эмгек каражаты педагогдун кеби, сөзү. Мындан сырткары, педагогикалык каражаттарга окуу китептери, окуу- методикалык куралдар, даярдалган көрсөтмө куралдар, схемалар, иллюстрациялар, үлгүлөр жана ошондой эле окутуунун жаңы маалыматтык техникалык каражаттары кирет. Азыркы мезгилдин негизги педагогикалык каражаты болуп бүткүл дүйнөлүк маалыматтар топтому эсептелет.

Педагогикалык процесстин жыйынтыгы тарбияланган, жашоого даяр инсан жана инсандардын коллективи болуп саналат. Педагогикалык процессте алардын аныкталган мүнөздөрдөрү, касиеттери калыптанат. Алдын-ала белгиленген максаттын түздөн-түз орун алышы анын жыйынтыгы болуп саналат. Бирок, дайым эле белгиленген максат дароо эле аткарылбайт. Педагогикалык процесс канчалык жогорку деңгээлде жүргүзүлсө, алдыга коюлган максат ошончолук так аткарылат.

Педагогикалык процесс бардык өндүрүштүк проңесстер сыяктуу эле уюштуруу деңгэзли, натыйжалуулук. технологиялык жана экономикалык сапаттары менен мүнөздөлөт. Педагогикалык процесстин натыйжалуулугу биринчи ирээт анын өтүү убактысы менен аныкталат. Педагогикалык процесстин уюштуруу деңгээли кайсы бир мааниде анын сапаттуу жүрүшүн жана технологиялык жактан ийкемдүү болушуна шарт түзөт.

Педагогикалык ишмердиктин бөтөнчөлүгү  педагогикага коюлуучу талаптар менен  шартталат. Педагогика педагогдорду педагогикалык  ойлонуу менен педагогикалык процессти уюштуруунун методикасы жана педагогикалык устаттыктын техникасы менен камсыздайт. Бул техника айрым педагогикалык каражаттарды (сөз, үн, ымдоо-мимика, жандоо-жестикуляция) пайдалана билгичтик менен эле чектелбейт. Ал о. эле педагогикалык каражаттардын жыйындысы белгилүү максатты ишке ашыруунун искусствосу – педагогикалык стратегия менен тактика да болмокчу.

Көп ата-энелер атайын педагогикалык  билимсиз эле балдарын тарбиялашат  деген ой педагогикалык билимдердин  маанисине шек келтирбейт. Эмгектенүүнүн түрлөрүн адамдар ишмердиктин закондору жөнүндө эч бир түшүнүгү болбогон кезде да пайдаланышкан. Бирок, илимдин таасири менен адамдар эң укмуштуудай жетишкендиктерди, жаңылыктарды ойлоп табууга жол ачты. Ушул эле эреже педагогикага да таандык. Кээ бир башка илимдерге (мис., математика, физика, химия, биология) караганда педагогикалык теория азыраак иштелип чыккандыгына карабастан, азыркы педагогика тарбиячыны ага зарыл болгон көлөмдөгү билимдер менен камсыз кылат. Педагогика нын андан аркы өсүп өнүгүшү менен анын практикалык керектүүлүгү жана мааниси дагы өсө берет. Албетте, теорияны билип өздөштүрүү тиешелүү билгичтиктерди дароо эле түздөн-түз камсыз кыла койбойт. Тарбиялоонун искусствосуна ээ болуу үчүн ошол теориялык билимдерди пайдаланууну үйрөнүү зарыл. Мындай билгичтик жеке тажрыйба менен ойлонуп эмгектенүүнү туура айкалыштырууда калыптанат жана ал педагогдон өзүнүн жумушун сын көз менен анализдеп турууну талап кылат.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жыйынтыктоо

      Билим  берүү жана тарбиялоо  процессинде жаңы технологияларды киргизүү, же мурдагы технологияларды  жаңыртууга, модернизациялоого, реформалоого кылган аракеттер бул биринчи кезекте жалпы коомдогу өзгөрүүлөр, ошол өзгөрүүлөр талап кылган муктаждыктар менен байланыштуу. Коомдун, адамзаттын өзгөрүүлөрү, умтулуулары, өсүштөрү жана өксүктөрү ар дайым билим берүү тармагы аркылуу өтүп келген жана бул процесс азыр андан бетер активдешип турган чагы. Жаңы кылымды педагог адистер гуманисттик  идеялардын глобалдуу интеграцияланыш доору, улуттук табылга-салттар менен жалпы адамзаттык баалуулуктардын гармонизацияланышуу мезгили деп аташууда. Эртеңки күнү бүгүнкү мектепти жана университетти бүткөндөрдү адис катары абдан күчтүү конкуренция күтүп турат да, жаңы адис эң биринчи кезекте ошол адистик атаандаштыкта жеңип чыгууга даяр болушу керек.

        Азыркы билим берүү тармагы  соңку он-он беш жылда эле  ошол конкреттүүлүккө ылайык  келе турган адисти даярдоо  үчүн эмнелерди гана кылбады.  Айрымдарын санап көрөлү: адеп  сабагы киргизилди;  чет тилдер  баланын эрте жашынан, айрым учурда бала бакчаларда эле окутула баштады; Занков, Давыдов-Элькониндин өнүктүрүп-өстүрүп окутуу деген системасы иштелип чыкты; Монтессори, Фрэнэнин педагогикалык системаларынын эл аралык стандарттарын алып келген улуттар жана мамлекеттер аралык окуу жайлары(кыргыз-славян, кыргыз-америка, кыргыз-түрк, кыргыз-кувейт,ж.б.) пайда болду; билим берүү мекемелери жаңы статуста көрүндү (гимназия, колледж, лицей); автордук мектептер, класстар өсүп чыкты; кошумча окуу деген система киргизилди; деңгээлдерине карап дифференцияланган класстар көбөйдү; автордук программалар, окуулуктар жазылды; рынок талап кылган предметтер кошулду; компьютерлешкен жана интернеттешкен билим берүү ишке киргизилди; дистанттык окутуу деген чыкты, жалпы республикалык тестирлөө деген орун-очок алып калды ж.б.

Мына ушундай  жаңылыктар, өзгөрүүлөр башталгыч мектептерде  да активдүү жүргүзүлүүгө тийиш. Бул  ар бир педагогдун, методисттин, келечектеги  бул кесиптин ээлеринин да милдети  болуп саналат.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

КОЛДОНУЛГАН АДАБИЯТТАР

  1. Аканов Б.А., Карамзин Н.А. Основы научного исследования. - Алматы: Мектеп, 1989. - 133 б.
  2. Акунова А.Р. Кыргыз тилинин фразеологиясын окутууда сабактын стандарт эмес түрлөрүн окутуу.// Эл агартуу.-2002.- апрель.
  3. Алыбаева Г. Элдик мугалимдердин акыл-кеңеши менен мектеп реформалар алга жылат. // Кутбилим .-2007.- 27-апрель.-2-3 -б.
  4. Анарбекова Г. Интерактивдүү ыкмадагы эки сабак. // Кутбилим -сабак.-№ 3.-2006.- 6 -б.
  5. Асанова Ж. Студенттерди педагогдун кесибине үйрөтүүнүн  теориялык-практикалык негиздери. - Бишкек: Учкун, 2000. - 252 б.
  6. Ахматов Т.К., Мукамбаев Ж. Азыркы кыргыз тили: Фонетика, лексика. -Фрунзе: Мектеп, 1978. - 176 б.
  7. Ахматов Т.К., Өмүралиева С. Кыргыз тили: Фонетика, лексика. -Фрунзе: Мектеп, 1990. - 234 б.

 

 


Информация о работе Педагогиканын турлору