Педагогиканын турлору

Автор: Пользователь скрыл имя, 18 Февраля 2013 в 15:11, курсовая работа

Краткое описание

Теманын актуалдуулугу. Азыркы учурда дүйнөлүк педагогика, предметтерди окутуу методикасы, тактап айтканда жалпы эле адамзат башка илим, технологияларга кызыгуусун жаратып жаткан учуру. Мындай интенсивдүүлүктүн бирден - бир себеби технологиялардын өсүшү менен гана байланыштуу эмес, илимдердин интеграцияланышы, инсандын өзүн-өзү таанып билүүгө жакындашуусу менен да түшүндүрүлөт.

Оглавление

КИРИШУУ………………….……………………………………………………..3
БИРИНЧИ БОЛУМ.
ПЕДАГОГИКАЛЫК ТЕХНОЛОГИЯ
Педагогикалык технологиянын негиздери………………………….……5
Педагогикалык технологиялардын түрлорү…………………………….11
ЭКИНЧИ БОЛУМ
ПЕДАГОГИКАНЫН СТРУКТУРАСЫ
2.1 Педагогикалык процесс система катары…………………………….….20
Педагогикалык процесстин түзүлүшү………………………………...…23
Жыйынтыктоо……………………………………………………….….…28
Колдонулган адабияттар……………………

Файлы: 1 файл

Педагогикалык чеберчилик.doc

— 182.50 Кб (Скачать)

Модулдук окуу технологиясында  окуу предметинин мазмуну так  жана аныкталган түзүлүшкө ээ болот  жана ар бир модуль маанисине жана мазмунуна ылайык ар түрдүү методдордун  жана формалардын шайкеш келиши менен мүнөздөлүнөт. Окуучу ар бир модулду өз алдынча өздөштүрүп, окуу предметин жогорку децгээлде кабыл алууга жетет.

Проблемалуу окуу технологиясы. Негизинен алганда проблемалуу окуу технологиясы дайыма актуалдуу болуп, ар тараптан изилденип келген. Проблемалык окуу технологиясында «проблемалык жагдай» түзүлүп, окуу мазмунун оздөштүрүү аныкталган «проблеманы» чечүү менен орун алат. Проблемалык жагдай - бул зарыл болгон окуу мазмунун өздөштүрүүдөгү пайда болгон кыйынчылык, татаалдык жана ошондой эле ал кыйынчылыкты сөзсүз түрдө жеңиш керек экендигин түшүнүү болуп саналат. Ал эми проблема катары өздөштүргөн билим, билгичтик жана көндүмдөрдүн негизинде чечилүүгө тийиш болгон проблемалык жагдай кабыл алынат. Демек, проблемалык окуу технологиясы билим сапатын жогорулатуу үчүн окуу процессин окуучулардын өз алдынча ишмердүүлүктү жүргүзүүчү окуу методдорду айкалыштырып өтүү саналат.

Проблемалык окуу технологиясынын  негизги ыкмалары төмөнкүлөр:

  • проблемалык баяндоо:
  • айрым изденүү;
  • изилдөө.

Проблемалык баяндоо технологиясында окуу мазмуну проблемалык жагдай, проблема катары мугалим тарабынан окуучуларга сунушталат. Окуу процёссинин жүрүшүндө мугалим ал проблемалык жагдайды ар тараптан анализдейт жана проблеманы чечүү үчүн багыттарды аныктайт. Андан кййин проблеманын чечилишин алдын-ала негиздейт, башкача айтканда проблеманын илимий гипотезасын иштеп чыгат. Окуу процессинин аягында проблеманын чечилишинин туура, же туура эмес экендигин далилдейт. Демек. проблемалык баяндоодо окуу процесси мугалим тарабынан уюштурулат, ал эми окуучулар болсо проблемалык жагдайды түзүү, проблеманы негиздөө, анын чечүүгө аракет жасоо. чечилишин алдын-ала аныктоо жана проблеманын чечилишинин туура экендигин далилдөө ишмердүүлүгү менен таанышышат.

Айрым изденүү технологиясында окуу мазмунуна ылайык проблемалык жагдайды түзүү мугалим менен окуучулардын бирдиктүү ишмердүүлүгүнө негизделет. Андан кийин окуучулар проблеманы негиздөөгө, аны чечүүнүн жолун (гипотезасын) аныктоого жана ошондой эле проблеманын чечилишинин туура, же туура эмес экендигин далилдөөгө аракет жасашат. Окуу процессинин жүрүшүндө мугалим маалыматты жыйноого багыт көрсөтүүчү, гипотезаны негиздөөдө кеңеш берүүчү, ал эми жыйынтыкты талкуулоодо эксперт катары катышат.

Изилдөө технологиясында  окуу мазмунуна жараша проблемалык жагдайды түзүү, анын чечилишин негиздөө жана жыйынтык чыгаруу баштан аяк окуучулар тарабынан жүргүзүлөт. Окуу процессинин жүрүшүндө мугалим тышкы көз карандысыз байкоочу катары гана катышат.

Проблемалык окуу технологиясынын  жүрүшү төмөнкү этаптардан турат:

  • Проблемалык жагдайды түзүү;
  • Проблемалык жагдайды ар тараптан изилдөө менен проблеманы негиздөө;
  • Проблеманы терең анализдөө;
  • Проблеманын алдын-ала чечилишин — гипотезаны иштеп чыгуу;
  • Гипотезанын туура же туура эмес экендигин далилдөө;
  • Жыйынтыкгы талкуулоо.

Оюн окуу технологиясы. Оюн адамдын негизги ишмердүүлүгүнүн бири болуп саналат. Атайын түзүлгөн шартта коомдук тажрыйбаны түзүү жана аны өздөштүрүү менен коомдо өзүн-өзү алып жүрүүнү далилдүү көрсөтүүнү оюн, же болбосо оюнду ойноо деп аташат. Оюнду ойноо төмөнкү бөлүктөрдөн турат:

  • максатты аныктоо;
  • планды түзүү;
  • максатты ишке ашыруу (ойноо);
  • жыйынтыктын анализи.

Окуу процессинде оюн  технологиясы дидактикалык максаттары, уюштуруу өзгөчөлүктөрү, жаш курактык мүмкүнчүлүктөрү жана мазмуну боюнча бири-биринен айырмаланышат. Адатта дене Тарбиясын өркүндөтүү боюнча, интеллектуалдык, эмгектик жана психологиялык окуу оюндары коюлат. Оюн технологиясынын негизги функцияларын төмөнкүлөр түзөт:

  • социалдаштыруу - коомдук тажрыйбаны жогорку деңгээлде тез жана сапаттуу өздөштүрүү;
  • өзүн-өзү сыноо — конкретттүү шартта окуучунун өзүнүн мүмкүнчүлүгүн, жөндөмдүүлүгүн аныктоо;
  • коммуникациялоо — адамдардын ортосундагы татаал байланыштарды өзүнүн башынан өткөрүү менен, коммуникативдик тажрыйбаны топтоо;
  • өзүнүн «Менин» калыптоо — окуучунун өзүнүн күчүн, мүмкүнчүлүгүн көрсөтүү менен кайсыл бир чечилбеген кыйынчылыктарды жеңүү боюнча ички ишенимдерин пайда кылуу.

Оюн окуу технологиясынын  жүрүшү сөзсүз түрдө атайын каражаттарды талап кылат. Мисалы декорация, тиешелүү боюмдар жана айрым учурда сахна  даярдалат.

Оюн окуу технологиясынын  мазмуну боюнча төмөнкү түрлөрү  кездешет: имитация оюну, кыймыл оюндары, «иштиктүү театр», психодрама жана башка түрлөрү.

Имитация оюнунда аныкталган бир ишмердүүлүктүн, тигил же бул  ишкананын, мекеменин белгилүү учуру  коюлат. Мисалы, банктын кредиттик  бөлүмүнүн ишмердүүлүгү.

Кыймыл оюндары окуучуларда  аныкталган кыймылды, аракетти, тигил же бул сапаттарды, ишмердүүлүктү калыптоо үчүн жүргүзүлөт. Мисалы, күз майрамын же түшүм майрамын өткөзүү.

«Иштиктүү театр» адамдын  аныкталган жагдайда өзүн өзү алып жүрүшүн чагылдырат. Мисалы, чоң  тааныш эмес шаарда адашып кеткен учур.

Психодрама  адамдын кайсы бир жагдайдагы ички дүйнөсүнүн абалын, сезимдеги  өзгөрүштөрдү чагылдырат. Окуучу аныкталган ролду аткаруу менен адамдын  татаал психологиялык мүнөзүнө баа  бергенге үйрөнөт.

 

 

 

ЭКИНЧИ БОЛУМ

ПЕДАГОГИКАНЫН СТРУКТУРАСЫ

2.1.Педагогикалык процесс система катары

Педагогикалык процесс тарбияланып жаткан жаш муундарда белгилүү болгон аныкталган сапаттарды жана мүнөздөмөлөрдү калыптандырууга багытталган педагогдор менен тарбиялануучулардын ортосундагы өз ара аракеттенишүүсү. Педагогикалык процесстин жүрүшүндо социалдык тажрыйба инсандын касиеттерине айланат.

Адатта педагогика илиминде акыркы мезгилге чейин "окуу-тарбиялоо процесси" деген түшүнүк пайдаланылып келген. Көптөгөн педагогикалык изилдөөлөр бул түшүнүк толук эместигин жана ал процесстин бардык татаалдыгын, биримдүүлүгүн, бирдиктүүлүгүн көрсөтө албагандыгы далилденди. Окуу процессинин жана тарбиялоо процессинин биримдүүлүгүн, бирдиктүүлүгүн жана өз ара тыгыз байланышын педагогикалык процесс көрсөтүп турат.

Педагогикалык процесс бир эле убакытта индивиддин физиологиялык, психикалык, социалдык, руханий өнүгүүсүн камтыган бирдиктүү процесс. Ал сөзсүз түрдө аныкталган багытка багытталып, мүмкүн болушунча башкарылууга тийиш. Педагогикалык процесс - пландалган, алдын-ала аныкталган жана белгилүү жыйынтыкка жетүүчү процесс.

Азыркы педагогика илиминде педагогикалык процессти жүргүзүү - бул жөн гана жаңы окуу материалын түшүндүрүү эмес, ошол жаңы материалды түшүндүрүү учурунда ар бир окуучу өзүнүн ички талабы. өздүк кызуугусу менен активдүү, аң - сезимдүү катышкандай жагымдуу педагогикалык абалды түзүү.

Педагогикалык процесс жөн гана окуу ишмердүүлүгүн камтыбайт, ал процессте сөзсүз түрдө коммуникативдик процесс дагы орун алат. Ошондуктан пикир алмашуу.

баарлашуу маданиятынан педагогикалык процесстин жыйынтыгы түздон-түз көз каранды болот. Педагогикалык процессти жүргүзүүдө педагог менен окуучулардын ортосундагы өз ара ишенимдин негизинде жагымдуу абалдын түзүлүшү бирин-бири сыйлоо сезимин пайда кылат. Жагымдуу абалда гана окуучулар чыгармачылык менен окуу-таануу ишмердүүлүгүн жогорку деңгээлде жүргүзө алышат.

Педагогикалык пропессти терең үйрөнүү үчүн аны • система катары кабыл алуу зарыл. Себеби, педагогикалык дроцесс жөн гана окутуу, тарбиялоо. өнүктүрүү жана калыптандыруу ишмер д үүл үктө рүн үн механикалык кошулмасы жана аралашмасы эмес, ал алардын өз ара аракеттенишинен улам пайда болгон татаал жана бирдиктүү система. Анын негизги касиети биримдүүлүк, бирдиктүүлүк жана аныкталган закон ченемдүүлүктөргө ээ болушу. Бирок, педагогикалык процессти шарттуу түрдө түзүлүштүк элементтерге ажыратууга болот:

Сүрөт 4. Педагогикалык процесстин түзүлүштүк элементтери



 

Ошентип, педагогикалык ггроцесс бири-биринен негизги аткаруучу функциялары менен. таасир этүүчү чөйрөсү менен, өтүү формалары менен жана ошондой эле баалуу системалары менен айырмаланган окутуу, тарбиялоо. өнүктүрүү жана калыптандыруу процесстерииен турат. Ошол эле учурда педагогикалык процесстин биримдүүлүгү жана бирдиктүүлүгү аны түзүүчү бардык процесстердин бир максатка жетүү үчүн бири-бирине шайкеш келип тыгыз

байланышта болуп турушу. Көрсөтүлгөн процесстердин татаал диалектикалык байланышы төмөндөгүдөй:

а) түзүүчүлөрдүн жалпы биримдүүлүгү жана өз алдынчалыгы;

б) түзүүчүлөрдүн жалпы биримдүүлүгү жана бирй- биринен көз карандылыгы;

в) түзүүчүлөрдүн ар биринде жалпылыктын жана өзгөчөлүктүн орун алышы.

Педагогикалык процессти түзүүчүлөрдүн ар биринин негизги функциялары болот: окутуу процессинин негизги функциясы - окутуу; тарбиялоо процессииики - тарбиялоо; өнүктүрүү процессиники -өнүктүрүү жана калыптандыруу процессиники - калыптандыруу. Ошол эле учурда ар бир аталган процесс өзүнүн негизги функциясын аткаруу менен эле бирге башка функцияларды дагы жарыш түрдө аткарат.

Мисалы, окутуу процесси окутуу функциясы менен эле бирге тарбиялоо процессин, өнүктүрүү процессин, калыптандыруу процессин жүргүзө алса окутуу ийгиликтүү жана натыйжалуу өтөт. Тескерисинче тарбиялоо процесси сөзсүз түрдө жаңы нерсени үйрөтүү. окутуу менен коштолот. Ошондой эле өнүктүрүү процесси менен калыптандыруу процесстери дагы бири-бирин толуктап турат.

Педагогикалык процессти түзүп турган ар бир чакан түзүүчүлөр тарбиялануучуларга таасир этүүчү чөйрөсү менен бири-биринен айырмаланып турушат. Окутуу процесси өзүнүн жүрүшүндө негизинен окуучулардын акыл- эсине, интеллектуалдык деңгээлине таасир этет. Ал эми тарбиялоо процесси окуучулардын ички сезимине, эмоциясына таасир берүү менен жүргөндө гана аныкталган натыйжа бере алат. Бирок, ошол эле учурда окуучулардын ички сезиминин өзгөрүшү, эмоционалдык толгонушу сөзсүз түрдө белгилүү ойлонууларды, акыл-эстик жыйынтыктарды берет.

Педагогикалык процесстин ар бир түзүүчүсү жүргүзүү формасы менен айырмаланышат. Мисалы, окутуу процесси негизинен алганда классикалык класстык-сабактык формада өтөт. Ал эми тарбиялоо процесси класстык-сабактык формада дагы, ошондой эле класстан тышкары ар түрдүү формаларда - маданий, тарыхый жерлерге жүрүшкө, экскурсияга чыгуу, театрларга баруу, эс алуучу жайларда болуу сыяктуу башка формада дагы жүргүзүлөт.

Педагогикалык процесстин ар бир түзүүчүсү өзүнө гана таандык болгон жыйынтыкты аныктоочу критерийлерге, башкача айтканда баалоо системасына ээ болот. Тактап айтканда, азыркы учурда окуу процессинин жыйынтыгы беш баллдык («5», «4», «3», «2» жана «1» баалары) баалоо система менен аныкталат. Ал эми тарбиялоо процессинин жыйынтыгы сандык эмес, сапаттык категориялар менен бааланат. Себеби, тарбиялоо процессинде окуучулардын жүрүш-турушу “канааттандырарлык эмес”,

“канааттандырарлык» жана «үлгүлүү» деген аныктамалар менен бааланат. Тарбиялоо процессинин жыйынтыгын аныктоо ар бир педагогикалык иштин жүрүшүндө эмес, аныкталгаи мезгилден кийин гана, мисалы окуу чейректеринде белгиленет.

Ошентип, педагогикалык процесс бири-бирине абдан тыгыз байланышкан системалардын бирдиктүү жыйындысы болуп саналат.

    1. Педагогикалык процесстин түзүлүшү

Бардык өндүрүштүк процесстер сыяктуу эле, педагогикалык процесс дагы өзүнө гана таандык болгон түзүлүшкө ээ. Адатта анын түзүлүштөрүнүн негиздерине процесске катышып жаткан педагогдор менен тарбиялануучулардын ортосундагы байланыштын, катыштын мүнөзү жана ошондой эле процесстин өтүү шарттары кирет. Педагогикалык процесс - аныкталган максатка жетүү үчүн педагогдор менен тарбиялануучулардын өз ара аракеттенүүсүнүн максаттары, маселелери, маңызы, методдору, каражаттары жана формалары болуп эсептелет. Ошондуктан, педагогикалык процесстин түзүлүшүн төмөндөгү компоненттер аркылуу көрсөтүүгө болот: максат, маңыз, ишмердүүлүк, жыйынтык.

Педагогикалык процесстин максат компоненти педагогикалык ишмердүүлүктүн максаттарын аныктоо жана негиздөө маселелерин камтыйт.

Инсанды тарбиялоодогу эң негизги максат — же мейли аны жалпы ар тараптан гармониялуу калыптандыруу жана өнүктүрүү максаты, же мейли кандайдыр бир жеке конкреттүү сапатты калыптандыруу үчүн аныкталган максаты сөзсүз түрдө алдын ала белгилүү болуш керек. Максат компоненти канчалык так жана даана аныкталса, ал процесс ошончолук эффективдүү жүрөт. Педагогикалык процесстин алдын-ала белгиленген максатынан, ал максатка жетүү үчүн чечүүчү маселелердин жыйнагы келип чыгат.

Информация о работе Педагогиканын турлору