Автор: Пользователь скрыл имя, 18 Февраля 2013 в 15:11, курсовая работа
Теманын актуалдуулугу. Азыркы учурда дүйнөлүк педагогика, предметтерди окутуу методикасы, тактап айтканда жалпы эле адамзат башка илим, технологияларга кызыгуусун жаратып жаткан учуру. Мындай интенсивдүүлүктүн бирден - бир себеби технологиялардын өсүшү менен гана байланыштуу эмес, илимдердин интеграцияланышы, инсандын өзүн-өзү таанып билүүгө жакындашуусу менен да түшүндүрүлөт.
КИРИШУУ………………….……………………………………………………..3
БИРИНЧИ БОЛУМ.
ПЕДАГОГИКАЛЫК ТЕХНОЛОГИЯ
Педагогикалык технологиянын негиздери………………………….……5
Педагогикалык технологиялардын түрлорү…………………………….11
ЭКИНЧИ БОЛУМ
ПЕДАГОГИКАНЫН СТРУКТУРАСЫ
2.1 Педагогикалык процесс система катары…………………………….….20
Педагогикалык процесстин түзүлүшү………………………………...…23
Жыйынтыктоо……………………………………………………….….…28
Колдонулган адабияттар……………………
Коллективдик окуу технологиясы окуу материалын педагогдун жардамы менен эмес, атайын түзүлгөн чакан коллективдин изденүүчүлүк ишмердүүлүгү жана жалпы талкуу менен өздөштүрүү болуп саналат. Коллективдик окуу технологиясы окуу процессинин уюштурулушуна жараша жуптук, группалык жана класстык топтор түрлөрүнө бөлүнөт.
Коллективдик окуу технологиясынын салттуу окутуудан эң негизги өзгөчөлүктөрү төмөнкүлөр:
Коллективдик окуу технологиясы сөзсүз түрдө алдын- ала даярдалып, аныкталган ирээтте жүрүшү зарыл. Коллективдик окуу технологиясыңын уюштурулушу төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт: эрежелерди иштеп чыгуу жана аны бекитүү; ар бир катышуучуга аныкталган ролдорду бөлүү; тапшырмаларды берүү жана аткаруу убактысын аныктоо; жыйынтыкты талкулоо жана жалпы чечимдерге келүү.
Окутуунун активлүү технологиясы. Окуу процессиндеги окуучунун активдүүлүгү педагогика илиминдеги эң негизги маселелердин бири. Окуучунун окуу ишмердүүлүгүндөгү активдүүлүк окуу материалын ойлонуу, туюу менен кабыл алып, өзүнүн бардык мүмкүнчүлүгүн жумшап ойлонуу жана практикада колдонуу ишмердүүлүгүнүн жаңы жогорку деңгээлине жетүү болуп саналат. Окуу процессинин жүрүшүнө ылайык окуу ишмердүүлүгүндөгү активдүүлүктү үч деңгээлге бөлүшөт:
түшүнүүсү, пайда болгон
жаңы маселелерди өз алдынча чечүүгө
аракеттенүүсү, окуу-таануу ишмердүүлүгүн
эң жогорку деңгээлде жүргүзүүгө
аракет жасоосу. Окутуунун активдүү
технологиясынын салттуу
Азыркы мезгилде билим
берүү системасында окутуунун активдүү
технологиясы абдан кеңири колдонулууда.
Алардын негизги түрлөрү төмөнк
Абалдын анализи кеңири таралган окутуунун автивдүү технологиясынын бири болуп саналат. Окуу материалы кандайдыр бир аныкталган абалды ар тараптан анализдин негизинде берилет. Аныкталган абалдын анализинде окуу процесси эки багытта жүрөт. Биричисинде, аныкталган абал окуучуларга алдын-ала жеткизилет. ар бир окуучу абалдын анализи боюнча такталган тапшырма алат жана аны өз алдынча чечкенге аракет жасайт. Бул учурда окуу процесси ар бир окуучу активдүү катышкан талкуу катары жүрот. Экинчисинде, аныкталган абалдын чечилиши түздөн-түз окуу процессинде орун алат. Бул учурда абалдын анализи боюнча ар бир окуучунун көз карашы талкууланат. Негизинен алганда, абалдын анализи окуу материалын аналитикалык талкуунун негизинде белгилүү болгон маалыматтарды пайдалануу, өз алдынча чечимдерди кабыл алуу жана жалпы бир ой толгоого келүүнү пайда кылат.
Дискуссия бул - бир талаш маселени ачык айкын талкуунун негизинде, талаш-тартыш менен ар тараптан талкуулоо, изилдөө болуп саналат. Дискуссия алдына койгон максаты боюнча жана жүрүшү боюнча талдоо, баа берүү, эрежелерди иштеп чыгуу жана башка түрлөргө бөлүнөт.
Дискуссияны даярдоо жана жүргүзүү төмөнкү ишмердүүлүктөрдү өзүнө камтыйт:
Дискуссия бири-бирине байланышкан үч этаптан турат:
1.2.Педагогикалык технологиялардын түрлорү
Ипттиктүү оюн. Активдүү окуу технологиясынын кеңири таралган түрлөрүнүн бири иштиктүү оюн болуп саналат. Иштиктүү оюндун негизи болуп төмөнкү эрежелер саналат:
Иштиктүү оюнду жүргүзүүнү даярдоо өзүнө төмөнкү
этаптарды камтыйт.
Иштиктүү оюн бири-биринен келип чыгуучу төрт бөлүктөн турат:
Катышуучуларга жана арбитрлерге оюндун шарттары жана зарыл болгон маалыматтар берилет. Бул этаптын аягында ар бир топко суроолор, тапшырмалар берилип, алар дароо бааланат.
«Тегерек стол» окуучулардын кабыл алган билимдерин өздөштүрүүгө, жетишпеген маалыматтарды топтоого, коюлган маселени чечүүнү үйрөнүүгө, өзүнүн ой-пикирин далилдөөгө жана жогорку деңгээлде дискуссия жүргүзүүнү үйрөнүүгө багытталган технологиянын бир түрү болуп саналат. «Тегерек столду» уюштуруунун бирден-бир талабы катышуучулардын бетме-бет жайгашуу менен баардашуу, пикир алмашуунун орун алышы. Бул учурда бардык катышуучулар бирдей укукка жана мүмкүнчүлүктөргө ээ болот. Ар бир катышуучу өзүнүн ой-толгоосун, пикирин ортого салып, аны ар тараптан негиздөөгө аракет жасайт. Натыйжада окуучулар жөн гана жоопту бербестен, берилген жооптун далилдүүлүгүн, сунуштардын маанилүү экендигин далилдөөгө үйрөнөт.
«Акыл-эс чабуулу» максатка ылайык коюлган маселени жогорку деңгээлде чечүүнүн аныкталган ыктарынын бири болуп саналат. «Акыл-эс чабуулунун» негизги максаты коюлган маселе боюнча коллективдик ойлонуунун натыйжасында анын «жаңыча», өзгөчө чечилишин пайда кылуу саналат. «Акыл-эс чабуулу» окуу процессинин жүрүшүндө томөнкү милдеттерди аткарат:
эрежелерди кабыл алышат:
«Акыл-эс чабуулун» өткөрүүдө мугалим окуучуларды чечйлүүгө тийиш болгон маселе жана өткөрүү эрежелери менен тааныштырат. Окуучулардын санына жараша 3-5 окуучудан турган группа түзүлөт жана группанын ичйнен пайда болгон пикирлерди, сунуштарды топтоп туруу үчүн эксперт шайланат. Группалардагы окуучулар бирдей санда жана мүмкүн болушунча бирдёй деңгээлдерде болушу керек. Андан кийин группалардын баарына бирдей суроо берилип, бир-эки суроо жооп уюштурулат. Андан кийин мугалим дагы бир жолу эрежелерге токтолуп, аудиторияга негизги маселени коет. Ар бир группа активдүү ишмердүүлүктү жүргүзөт. ал эми эксперт бардык пикир, сунуштарды атайын кагазга түшүрүп, аларды топтойт. Андан кийин эксперттер өзүнчө чогулушуп, эң оригиналдуу, кызыктуу варианттарды тандап алышат. Андан кийин эксперттер «акыл-эс чабуулунун» натыйжасында пайда болгон пикирлерди, сунуштарды талкуулоо менен корутунду чыгарышат. Эсперттерден кийин мугалим «акыл-эс чабуулуна» катышкандарга ыраазычылык билдирип, эң кызыктуу ойлорго токтолуп жалпы жыйынтык чыгарат.
Модулдук технология. Модуль катары өзүнчө мааниге ээ болгон системанын аныкталган бир бөлүгү кабыл алынат. Модулдук окуу технологиясы окуучунун толук өз алдынча же болбосо мугалимдин жардамы менен өз алдьгнча окуу материалдарын өздөштүрө алгандай окуу максатынын, окуу мазмунунун, маалыматтардын жана окуу-методикалык көрсөтмөлөрдүн алдын-ала берилиши болуп саналат. Педагогдун функциясы маалыматты берүү жана анын өздөштүрүлүшүн аныктоо менен чектелет. Окуу модулу бул окуу предметинин аныкталган окуу — таануу ишмердүүлүгүн талап кылган ар тараптан негизделгеч функционалдуу түйүнү.
Модулдук окуу технологиясын уюштуруу төмөнкү принциптердин негизинде жүрүзүлөт: маалыматтык материалдын максатка багытталышы; комплекстүүлүгү; интеграцияланган жана жекече дидактикалык максаттардын айкалышы; модулдук окуу материалынын толуктугу жана өз алдынчалуулугу; модулдук элементтердин бирдей мааниге ээ болушу жана салыштырмалуулугу; маалыматтык жана методикалык материалдардын оптималдуу берилиши.
Модулдук окуу технологиясынын жүрүшүндө төмөнкү эрежелер жана талаптар сакталышы керек: