Педагогиканын турлору

Автор: Пользователь скрыл имя, 18 Февраля 2013 в 15:11, курсовая работа

Краткое описание

Теманын актуалдуулугу. Азыркы учурда дүйнөлүк педагогика, предметтерди окутуу методикасы, тактап айтканда жалпы эле адамзат башка илим, технологияларга кызыгуусун жаратып жаткан учуру. Мындай интенсивдүүлүктүн бирден - бир себеби технологиялардын өсүшү менен гана байланыштуу эмес, илимдердин интеграцияланышы, инсандын өзүн-өзү таанып билүүгө жакындашуусу менен да түшүндүрүлөт.

Оглавление

КИРИШУУ………………….……………………………………………………..3
БИРИНЧИ БОЛУМ.
ПЕДАГОГИКАЛЫК ТЕХНОЛОГИЯ
Педагогикалык технологиянын негиздери………………………….……5
Педагогикалык технологиялардын түрлорү…………………………….11
ЭКИНЧИ БОЛУМ
ПЕДАГОГИКАНЫН СТРУКТУРАСЫ
2.1 Педагогикалык процесс система катары…………………………….….20
Педагогикалык процесстин түзүлүшү………………………………...…23
Жыйынтыктоо……………………………………………………….….…28
Колдонулган адабияттар……………………

Файлы: 1 файл

Педагогикалык чеберчилик.doc

— 182.50 Кб (Скачать)

                                                                       ПЛАН

КИРИШУУ………………….……………………………………………………..3

БИРИНЧИ БОЛУМ.

ПЕДАГОГИКАЛЫК ТЕХНОЛОГИЯ

    1. Педагогикалык технологиянын негиздери………………………….……5
    2. Педагогикалык технологиялардын түрлорү…………………………….11

ЭКИНЧИ БОЛУМ

ПЕДАГОГИКАНЫН СТРУКТУРАСЫ

2.1      Педагогикалык процесс система катары…………………………….….20

    1. Педагогикалык процесстин түзүлүшү………………………………...…23

Жыйынтыктоо……………………………………………………….….…28

Колдонулган адабияттар…………………………………………………30

 

 

 

 

 

 

 

 

 

КИРИШҮҮ

          Теманын актуалдуулугу. Азыркы учурда дүйнөлүк педагогика, предметтерди окутуу методикасы, тактап айтканда жалпы эле адамзат башка илим, технологияларга кызыгуусун жаратып жаткан учуру. Мындай  интенсивдүүлүктүн бирден - бир себеби технологиялардын өсүшү менен гана байланыштуу эмес, илимдердин интеграцияланышы, инсандын өзүн-өзү таанып билүүгө жакындашуусу менен да түшүндүрүлөт.

        Дүйнөлүк процесстеги мына ушул жандуу кыймылда ошол планетардык агымдан окчун калбоого аракет кылган элибиздин улуттук илимпоздору да ар кимиси өз көрөңгөсүнө жараша кыргыз илимин жаратууга аракет кылып жатат. Бирок канткен менен  улуттук илим бир  чети чыныгы улуттук  жүзүн  көрсөтө албай жатса, экинчи жагы дүйнөлүк илим-технологияларды кыргыз кыртышына бекем алып келе албай жатат. Албетте, мунун ар кандай себептери бар. Азыр эми индустриалдык деген коом арт жакта калып, адамзат постиндустриалык- информациялык коомго баш багып отурат. Мына ушул прогресттен бир артта калсаң, анда бүттү, адамзат прогрессинен түбөлүк оолак каласың. Андыктан дал ошол  кыймылдан калып калбоо үчүн жанталашып аракет кылуу биздей аз калктуу улут үчүн зарылдын - зарылы болуп эсептелет.

Ал эми кыргыз тилин окутууда, анын ичинен башталгыч  мектептерде мындай өзгөрүүлөргө, жаңыланууларга болгон муктаждык жана аларды өздөштүрүүгө, үйрөнүүгө болгон далалат республиканын бардык мектептеринде байкалат. Бирок ошого жараша жетишээрлик методикалык көрсөтмөлөрдүн аздыгы (газета-журналдык материалдар), адабияттардын жетишсиздиги, квалификацияны жогорулатуу боюнча мугалимдер үчүн уюштурулуучу иш чаралардын көлөмү бул мезгилдин талабын толук кандуу аткарууга мүмкүндүк бербей жаткансыйт. Ошондуктан башталгыч класстар үчүн республикабызда ишке ашып жаткан жаңы программалар, технологиялар боюнча атайын кыргыз тилин окутууга карата эмгектердин (теориялык, методикалык, илимий ж.б) жаралышы учурдагы актуалдуу маселелердин бири болуп саналат.

Иштин максаты: «Кадамдан – кадамга» программасы, «Глобалдык билим берүү баракчасы», сынчыл ойлом, мээге чабуул ыкмаларын камтыган интерактивдүү методор менен башталгыч класстарда кыргыз тилин окутуунун үлгүлөрүн иштеп чыгуу.

Милдеттери:

- бул багытта жарык  көргөн илимий, теориялык, методикалык,  практикалык эмгектер менен таанышуу;

-  башталгыч мектептин  ар бир классы үчүн мындай сабактардын үлгүлөрүн иштеп чыгуу;

- сабакта колдонуу үчүн  көрсөтмө куралдарды, кошумча каражаттарды  түзүү ж.б.

Изилдөөнүн  объектиси: Башталгыч класстарда кыргыз тилин окутуу процесси.

Изилдөөнүн  предмети: Башталгыч мектептеги кыргыз тили сабагы.

Изилдөөнүн  практикалык баалуулугу: Изилдөөдөгү жаңы технологиялар боюнча азын – оолак теориялык, методикалык, практикалык максаттагы материалдар башталгыч класстардын мугалимдери, келечектеги педагогдор  үчүн да пайдасы тиет деген ойдобуз.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                   БИРИНЧИ БОЛУМ.

                               ПЕДАГОГИКАЛЫК  ТЕХНОЛОГИЯ

    1. Педагогикалык технологиялардын негиздери

Азыркы мезгилде педагогика илиминде «педагогикалык технологиялар», «билим технологиясы», «окуу технологиясы», «инновациялык технология» терминдери колдонулат. «Технология» термининин уңгусу байыркы грек тилинде «техно» - искусство, чеберчилик, аткаруучулук, ал эми «логос» - окуу, үйрөнүү деген маанилерди түшүндүрөт. Демек, технология тигил же бул ишмердүүлүктү жогорку чыгармачылык деңгээлде жүргүзүү жана аны үйрөнүү болуп саналат. Ал эми педагогикалык технология бул - бир жагынан окуу материалын иштеп чыгуу, аны өзгөртүү жана берүүнүн методдору менен каражаттарынын жыйындысы болсо, экинчи жагынан техникалык жана маалыматтык каражаттардын негизинде педагогдун окуучулар менен бирдикте окуу процессин жүргүзүү жонүндөгү илим болуп саналат. Педагогикалык технология окуу максатынын, билим мазмунунун, дидактикалык методдордун. каражаттардын, формалардын бири-бири менен байланышын жана аныкталышын өзүнө камтыйт.

Педагогика илиминин калыптанышы менен бирге эле  педагогикалык технология категориясы  негизделген. XX кылымдын башында педагогикалык  технологияны окуу процессинин эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында окуу процессин ар түрдүү техникалык каражаттар менен өтүү менен түшүндүрүшкөн. Бирок, педагогикалык технология бул жөн эле окуу процессииде техникалык каражаггарды. компьютерлерди колдонуу эмес, ал окуу процессинин натыйжалуулугун жогорулатуунун жаңы принциптерин, закон ченемдүүлүктөрүн иштеп чыгуу, окуу мазмунун өзгөртүү жана ошондой эле окуу процессинин жүрүшүн аныктоонун критерийлерин белгилөө менен мүнөздөлөт. Ошондуктан акыркы мезгилдерде педагогикалык технологияңы окуу процессинин баштапкы этабынан акыркы этабына чейин белгиленген үлгүнү түзүү жана аны практикада түздөн-түз жүргүзүү менен аныкташат. Педагогикалык технологиянын аныктамасы ар түрдүү багытта берилет.

Педагогикалык технологиянын  аныкталышы эң биринчи ирээт окуу процессинин эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн педагогика илимине «система» түшүнүгүн системасын киргизүү менен берилет, башкача айтканда педагогикалык технологияны «билим берүүнүн систематизациясы» жана «окутуунун систематизациясы» түшүнүктөрү менен байланыштырышат. Ошондуктан ЮНЕСКОнун аныктоосу боюнча педагогикалык технология: техникалык жана адамдык ресурстардын бири- бири менен тыгыз байланышын эске алуу менен окутуу процессинин жана билимди өздөштүрүүнүн системалык методун иштеп чыгуу жана аны практикага киргизүү.

Айрым учурда педагогикалык технологияны окутуу процессинин натыйжалуу өтүшү үчүн колдонула турган инструмент, каражат катары карашат. Бул учурда педагогикалык технология окуу процессинин эффективдүү жүрүшүнүн аныкталган методдордун, формалардын, каражаттардын педагогикалык, психологиялык

жыйындысы, башкача айтканда окуу процессин уюштуруунун методикалык  жыйындысы болуп саналат.

Педагогикалык технологияны аныктоонун дагы бир багыты окуу процессин  эффективдүү жүргүзүүнүн нормативдик  документтерин иштеп чыгуу менен  байланышкан. Анткени, айрым учурда педагогикалык технологияны окутуу процесеинин эффективдүү жүрүшүнүн үлгүсү катары кабыл алышат.

Педагогикалык технологияны татаал система катары кабыл алып, анын илимий аспектилерин, колдонулуу деңгээлдерин жана курамдык бөлүктөрүн аныктоо керек.

        Педагогикалык технологиянын аспектилери  төмонкүлөр:

  • илимий аспектиси - педагогикалык технология педагогикалык процесстин максатын, маңызын, методдорун, формаларын жана жүрүшүн изилдөөчү жана иштеп чыгуу боюнча педагогика илиминин өзгөчө бир бутагы, бөлүмү;
  • процессуалдык - аныктоо аспектиси- педагогикалык процессинин баштан аягына чейин аныкталышы жана жазылышы, башкача айтканда процесстин эффективдүү өтүшү үчүн максаттын, мазмундун, методдун, форманын, каражаттын алдын-ала белгилениши;
  • ишмердүүлүк аспектиси - педагогикалык процесстин жүрүшү үчүн инсандык, инструменталдык жана методологиялык каражаттардын бири-бири менен айкалышы, башкача айтканда педагогикалык процесстин түздөн-түз орун алышы.

Педагогикалык технологиянын  колдонулушу бири-

бири менен тыгыз  байланышкан үч деңгээл менен  мүнөздөлүнөт:

  1. Жалпы педагогикалык, дидактикалык деңгээл. Жалпы педагогикалык (окутуу жана тарбиялоо процесстеринин) технология республикалык окуу мекемелеринин бирдиктүү мүнөздөмөсү болуп саналат. Анткени жалпы педагогикалык технология билим берүү системасынын максатын, мазмунун, методдорун, формаларын, каражаттарын жана ошондой эле процесстин объектилери менен субъектилеринин байланышын аныктайт.
  2. Жеке предметтик децгээл. Предметтик педагогикалык технология аныкталган предметтер, класстар жана окуу жайлар боюнча кабыл алынган методдордун, формалардын жана каражаттардын жыйындысы катары кабыл алынат.
  3. Өзгөчөлөнгөн бөлүктүү деңгээл. Өзгөчөлөнгөн педагогикалык технология кандайдыр бир так аныкталган окуу жана тарбиялоо маселелерин жогорку деңгээлде жүргүзүүнүн бардык этаптарын камтыйт. Мисалы, түшүнүктөрдү өздөштүрүү технологиясы, окуу

материалдарын кайталоо технологиясы, өз алдынча окуу ишмердүүлүгүн  технологиясы жана башка ушул сыяктуу  технологиялар.

Ал эми педагогикалык технологиянын курамдык бөлүктөрү дагы үч багытта каралат:

  1. Концептуалдык негизи бөлүгү педагогикалык технологиянын жалпы мүнөздөмөлөрүн жана принциптерин өзүнө камтыйт.
  2. Педагогикалык технологиянын маңыздык бөлүктөрүнө окуунун жалпы жана конкреттүү максаттары менен бирге окуу материалынын мазмуну кирет.
  3. Педагогикалык технологиянын процессуалдык иштиктүү бөлүгүнө окуу процессин уюштуруунун түрлөрү, педагогдун жана окуучулардын ишмердүүлүктөрүнүн методдору жана формалары, окуу процессинин башкарылышы жана ошондой эле бааланышы кирет.

Ар бир педагогикалык  технология сөзсүз түрдө методологиялык талаптарга, тактап айтканда концептуалдуулук, системалуулук, башкарылуучулук, эффективдүүлүк жана кайталануучулук критерийлерине туура келиши зарыл.

Педагогикалык технология философия, психология, педагогика, дидактика жана ошондой башка илимдерге негизделген жана өзгөчөлөнгөн конценциянын негизинде жаралат. Педагогикалык технология өзүнө тиешелүү болгон изилдөөнүн объектисине, предметине, принциптерине жана методдорго ээ болуп, илимдин концептуалдуулук критерийине туура келет.

Педагогикалык технология жогорку деңгээлдеги система  катары кабыл алынат. Анткени ал окутуу процессинин аныкталган логикасын, курамдык бөлүктөрүн жана алардын бири-бири менен байланышын мүнөздөп системалуулуктун талабына жооп берет.

Педагогикалык технология жогорку деңгээлдеги башкарылуучулук  талапка жооп берет. Себеби, педагогикалык  технология окуу процессинин бардык этаптарында тиешелүү өзгөртүүлөрдү  жана толуктоолорду өз убагында киргизип, алдын-ала аныкталган жыйынтыкка жетүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Педагогикалык технология мамлекеттик стандартта көрсөтүлгөн  максаттарга жетүүнүн гаранты болуу  менен бирге окутуу процессинин  эффективдүү жүрүшүн оптималдуу каражаттардын жардамы менен  камсыз кылат.

Педагогикалык технология сөзсүз түрдө кайталануучулук критерийине  жоои берет. Себеби, анын жыйынтыгы  бирдей мүнөздөгү окуу жайларда дайыма кайталанат, башкача айтканда процесстин субъектилерине көз карандысыз мүнөзгө  ээ болот.

  1. Педагогикалык технологиялардын түрлөрү

Азыркы мезгилде орто билим берүү системасына ылайыкташтырылган көптөгөн педагогикалык

технологиялар даярдалып  билим сапатын жогорулатууга  өбөлгө түзүүдө. Алардын негизги  түрлөрү төмөндөгүлөр:

  • коллективдик окуу технологиясы;
  • активдүү окуу технологиясы;
  • модулдук технология;
  • проблемалуу окуу технологиясы;
  • оюн технологиясы жана башка технологиялар.

Коллективдик окуу технологиясынын багыты салттуу окутуудагы айрым кемчиликтерди жана

жетишпегендиктерди жоюуга багытталган, башкача айтканда салттуу  окутуудагы төмөнкү туура келбестиктерди чечүүгө арналат:

  1. Тышкы стимул менен окуу мотивинин туура келбестиги. Себеби, салттуу окутууда мугалимдер окуу материалын берүүдө стимулду түзүүгө аракет жасашканы менен ал окуунун оң мотивине айланбайт. Ал эми коллективдик окуу технологиясында өзүнө жана калган окуучуларга ишеним пайда болуп. окуучулардын окуу мотиви жогорулайт.
  2. Пассивдүү жөнөкөй кабыл алуунун активдүү өзгөртүп түзүү ишмердүүлүгүнө айланбашы. Салттуу окууда көпчүлүк окуучулар окуу материалын жөн гана кабыл алып, аны кайра айтып берүү менен гана чектелет. Ал эми коллективдик окуу технологиясында ар бир окуучу өзүнүн ишмердүүлүгүнүн натыйжасында окуу материалын түшүнүү менен кабыл алат.
  3. Окуу процесси учурундагы окуучулардын психологиялык «коркунучтуу», «жагымсыз» абалынын «жагымдуу» абалга айланбашы. Белгилүү болгондой окуу процесси окуучу үчүн дагы, педагог үчүн дагы «жагымдуу» болушу зарыл. Тилекке каршы, салттуу окутууда окуучулардын көпчүлүгү суроого жооп берүүдөн тартынып «жагымсыз» абалда болушат. Ал эми коллективдик технология мүмкүн болушунча ар бир окуучунун өздүк каалоосу менен окуу процессине активдүү катышууга шарт түзөт.
  4. Тарбиялоо менен окутуунун шайкеш келбеши. Салттуу окутуу процессинде тарбиялоо негизинен алганда тигил же бул аракетти башкарууга гана багытталат. Ал эми коллективдик технологияда ар бир окуучу өзүн эркин сезип, болгон мүмкүнчүлүгүн толук ачууга аракет жасайт. Демек, коллективдик окуу технологиясында окуучу окуу процессине активдүү катышуу менен, өзүнө зарыл болгон касиеттерди, сапаттарды калыптайт.

Коллективдик окуу технологиясы төмөнкү принциптердин негизинде  орун алат:

  • улам өзгөрүп туруучу окуучулардын жуптары, топтору;
  • өз ара окутуу;
  • өз ара текшерүү;
  • өз ара башкаруу.

Информация о работе Педагогиканын турлору