Педагогиканын башка илимдер менен байланышы

Автор: Пользователь скрыл имя, 19 Февраля 2013 в 07:12, курсовая работа

Краткое описание

Теманын актуалдуулугу. Азыркы учурда дүйнөлүк педагогика, предметтерди окутуу методикасы, тактап айтканда жалпы эле адамзат башка илим, технологияларга кызыгуусун жаратып жаткан учуру. Мындай интенсивдүүлүктүн бирден - бир себеби технологиялардын өсүшү менен гана байланыштуу эмес, илимдердин интеграцияланышы, инсандын өзүн-өзү таанып билүүгө жакындашуусу менен да түшүндүрүлөт.

Оглавление

КИРИШҮҮ……………………………………………………………………2
БИРИНЧИ БӨЛҮМ. Педагогиканын жалпы түшүнүктөрү
1.1Педагогиканын келип чыгышы жана өнүгүшү……………………….…4
1.2. Советтик педагогиканын пайда болушу жана өнүгүшү……..………17
ЭКИНЧИ БӨЛҮМ. Педагогиканын калыптанышы
2.1. Педагогиканын Негизги Категориялары………………………………36
2.2. Педагогиканын тармактары жана бөлүмдөрү………………………...39
ЖЫЙЫНТЫКТОО………………………………………………………….41
КОЛДОНГОН АДАБИЯТТАР……………………………………………..43

Файлы: 1 файл

Педагогиканын негизги категориялары.docx

— 64.54 Кб (Скачать)

Педагогиканын келип чыгышы жана өнүгүшү 

Педагогиканын калыптанышы турмуштук байкоолордон жалпылаштырууга карай, тарбия жөнүндөгү  ар түрдүү ойлордун айтылышынан толук  педагогикалык системаларга карай, эмпирикалык сунуштардан нукура теориялык изилдөөлөргө карай, эркинче  айтылган ойлордон эксперименталдык текшерилүүчү концепцияларга карай, сапаттык анализдөө методдорун колдонуудан так (өлчөө, ченөөлөрү болуучу) сандык баалоолорго жана мүнөздөмөлөргө карай, жоромолдуу ойлор менен утопиялардан илимий алдын ала көрө билүүлөргө карай багытталып калыптанып олтурган. Көп тармактуу бул татаал процесс уланууда, азыркы педагогиканын түрдүү бөлүмдөрү бирдей өнүккөн жок. Мис.; окутуу процессин изилдөөлөрдө сандык талдоо методдору кеңири колдонулат, мында окутуунун алгоритмдери аныкталат, аны программалоонун проблемалары иштелип чыгат, бирок, тарбиялоонун методун иликтеп изилдөөдө сандык талдоо методун колдонуу боюнча биринчи гана кадамдар жасалууда. Социалдык-педагогикалык проблемаларды изилдөөдө тарбиялоо теориясы билим берүү теориясынан бир кыйла алдыда.

 

2.2. Педагогиканын тармактары жана  бөлүмдөрү

 

Педагогикалык ишмердиктин бөтөнчөлүгү педагогикага коюлуучу талаптар менен шартталат. Педагогика педагогдорду педагогикалык  ойлонуу менен педагогикалык  процессти уюштуруунун методикасы жана педагогикалык устаттыктын  техникасы менен камсыздайт. Бул техника айрым педагогикалык каражаттарды (сөз, үн, ымдоо-мимика, жандоо-жестикуляция) пайдалана билгичтик менен эле чектелбейт. Ал о. эле педагогикалык каражаттардын жыйындысы белгилүү максатты ишке ашыруунун искусствосу – педагогикалык стратегия менен тактика да болмокчу.

Көп ата-энелер атайын педагогикалык билимсиз эле балдарын тарбиялашат деген ой педагогикалык билимдердин маанисине шек келтирбейт. Эмгектенүүнүн түрлөрүн адамдар ишмердиктин закондору жөнүндө эч бир түшүнүгү болбогон кезде да пайдаланышкан. Бирок, илимдин таасири менен адамдар эң укмуштуудай жетишкендиктерди, жаңылыктарды ойлоп табууга жол ачты. Ушул эле эреже педагогикага да таандык. Кээ бир башка илимдерге (мис., математика, физика, химия, биология) караганда педагогикалык теория азыраак иштелип чыккандыгына карабастан, азыркы педагогика тарбиячыны ага зарыл болгон көлөмдөгү билимдер менен камсыз кылат. Педагогика нын андан аркы өсүп өнүгүшү менен анын практикалык керектүүлүгү жана мааниси дагы өсө берет. Албетте, теорияны билип өздөштүрүү тиешелүү билгичтиктерди дароо эле түздөн-түз камсыз кыла койбойт. Тарбиялоонун искусствосуна ээ болуу үчүн ошол теориялык билимдерди пайдаланууну үйрөнүү зарыл. Мындай билгичтик жеке тажрыйба менен ойлонуп эмгектенүүнү туура айкалыштырууда калыптанат жана ал педагогдон өзүнүн жумушун сын көз менен анализдеп турууну талап кылат.

Теориянын байышы менен педагогикалык искусствонун өркүндөшү – бул бири бирине өтө байланыштуу, бири бирин толуктоочу процесс. Педагогика практикалык ишмерлерди педагогикалык маселелерди чечүүнүн методдору менен камсыз кылат, аларды мурдатан белгилүү болгондорду кайта жаныдан издеп табуу зарылчылыгынан куткарып өзүнүн тажрыйбасын максаттуу анализдеп жаңы ыкмаларды жаратууга мүмкүндүк берет. Педагогика жөндөмдүү, таланттуу тарбиячыга да жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып берет. Өз кезегинде практикалык табылгалары жана ойлоп ачкандары теорияны байытат.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жыйынтыктоо

      Билим  берүү жана тарбиялоо процессинде жаңы технологияларды киргизүү, же мурдагы технологияларды  жаңыртууга, модернизациялоого, реформалоого кылган аракеттер бул биринчи кезекте жалпы коомдогу өзгөрүүлөр, ошол өзгөрүүлөр талап кылган муктаждыктар менен байланыштуу. Коомдун, адамзаттын өзгөрүүлөрү, умтулуулары, өсүштөрү жана өксүктөрү ар дайым билим берүү тармагы аркылуу өтүп келген жана бул процесс азыр андан бетер активдешип турган чагы. Жаңы кылымды педагог адистер гуманисттик  идеялардын глобалдуу интеграцияланыш доору, улуттук табылга-салттар менен жалпы адамзаттык баалуулуктардын гармонизацияланышуу мезгили деп  аташууда. Эртеңки күнү бүгүнкү мектепти жана университетти бүткөндөрдү адис катары абдан күчтүү конкуренция күтүп турат да, жаңы адис эң биринчи кезекте ошол адистик атаандаштыкта жеңип чыгууга даяр болушу керек.

        Азыркы  билим берүү тармагы соңку он-он беш жылда эле ошол конкреттүүлүккө ылайык келе турган адисти даярдоо үчүн эмнелерди гана кылбады. Айрымдарын санап көрөлү: адеп сабагы киргизилди;  чет тилдер баланын эрте жашынан, айрым учурда бала бакчаларда эле окутула баштады; Занков, Давыдов-Элькониндин өнүктүрүп-өстүрүп окутуу деген системасы иштелип чыкты; Монтессори, Фрэнэнин педагогикалык системаларынын эл аралык стандарттарын алып келген улуттар жана мамлекеттер аралык окуу жайлары(кыргыз-славян, кыргыз-америка, кыргыз-түрк, кыргыз-кувейт,ж.б.) пайда болду; билим берүү мекемелери жаңы статуста көрүндү (гимназия, колледж, лицей); автордук мектептер, класстар өсүп чыкты; кошумча окуу деген система киргизилди; деңгээлдерине карап дифференцияланган класстар көбөйдү; автордук программалар, окуулуктар жазылды; рынок талап кылган предметтер кошулду; компьютерлешкен жана интернеттешкен билим берүү ишке киргизилди; дистанттык окутуу деген чыкты, жалпы республикалык тестирлөө деген орун-очок алып калды ж.б.

Мына ушундай жаңылыктар, өзгөрүүлөр башталгыч мектептерде да активдүү жүргүзүлүүгө тийиш. Бул ар бир педагогдун, методисттин, келечектеги бул кесиптин ээлеринин да милдети болуп саналат.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ПАЙДАЛАНЫЛГАН АДАБИЯТТАР

  1. Аканов Б.А., Карамзин Н.А. Основы научного исследования. - Алматы: Мектеп, 1989. - 133 б.
  2. Акунова А.Р. Кыргыз тилинин фразеологиясын окутууда сабактын стандарт эмес түрлөрүн окутуу.// Эл агартуу.-2002.- апрель.
  3. Алыбаева Г. Элдик мугалимдердин акыл-кеңеши менен мектеп реформалар алга жылат. // Кутбилим .-2007.- 27-апрель.-2-3 -б.
  4. Анарбекова Г. Интерактивдүү ыкмадагы эки сабак. // Кутбилим -сабак.-№ 3.-2006.- 6 -б.
  5. Асанова Ж. Студенттерди педагогдун кесибине үйрөтүүнүн  теориялык-практикалык негиздери. - Бишкек: Учкун, 2000. - 252 б.
  6. Ахматов Т.К., Мукамбаев Ж. Азыркы кыргыз тили: Фонетика, лексика. -Фрунзе: Мектеп, 1978. - 176 б.
  7. Ахматов Т.К., Өмүралиева С. Кыргыз тили: Фонетика, лексика. -Фрунзе: Мектеп, 1990. - 234 б.

 

 

 

 

 

 


Информация о работе Педагогиканын башка илимдер менен байланышы