Өндүрүштүн улуттук көлөмүнүн стабилдүү өсүүсү

Автор: Пользователь скрыл имя, 04 Февраля 2013 в 17:45, лекция

Краткое описание

Аларга булар кирет:
1. Өндүрүштүн улуттук көлөмүнүн стабилдүү өсүүсү.
2. Баалардын стабилдүү деңгээли.
3. Иш менен камсыз болуунун жогорку деңгээли.
4. Тышкы соодалык балансттын тең салмактуулугун колдоп туруу.

Оглавление

1. Улуттук экономика.
2. Улуттук экономика жана анын максаттары.
3. Баалардын стабилдүү деңгээли.

4. Улуттук экономиканын функционалышынын жыйынтыктарын өлчөө.

Файлы: 1 файл

Улуттук экономика деген эмне.docx

— 35.77 Кб (Скачать)

      Улуттук экономика    деген эмне?  Улуттук экономика—бул тигил же  бул өлкөнүн  өзүнө  ылайыкташкан  тармактарды  жана  өнүрүштүн  түрлөрүн  камтыган   чарбасы.

                  Улуттук   экономиканын   ар  биринин   өзүнүн  башкаруу  системасы, тармактарынын   структурасы,  өз  турмуш  уклады  болот.

                 Экономиканын  өнүгүшунүн  ал—акыбалы  калктын   жашоо  турмушунун  денгээлине  тассирин  тийгизет,  ошону  үчүн  коомдо  экономика  кандай  иштеп   жатат,  дүйнөлүк  экономикада,  дүйнөлүк  соодада  ал  кандай  орунду  ээлейт,  дайыма  кызык.Ошондуктан  ар  бир  мамлекет  өзүнүн  экономикалык  саясатын   ошол   көрсөткүчтөрдүн   өнүгүшүнүн  оптималдуу  балансына,  анын  төрт  оң  башкы максаттарын бөлүү  менен  жетишке  багыттайт.

              Аларга   булар  кирет:

    1. Өндүрүштүн   улуттук   көлөмүнүн   стабилдүү  өсүүсү.
    2. Баалардын  стабилдүү  деңгээли.
    3. Иш менен  камсыз болуунун  жогорку  деңгээли.
    4. Тышкы  соодалык  балансттын   тең  салмактуулугун   колдоп  туруу.

 

                Экономиканын   функционалышынын   негизги  критерийи  болуп  өндүруштүн  көлөмү  эсептелет. Бул өлкөдөгү  элдин  турмуш  деңгээлине  тассир  этүүчү  башкы  көрсөткүч.  ООНдун  методикасы  боюнча  өндүрүштүн  көлөмүнүн   көрсөткүчү   болуп  дүң  улуттук  продукт  эсептелет. Бул өлкөдөгу  элдин турмуш  денгээлине  таасир  этүүчү  башкы  көрсөткүч .                   ООНдун  методикасы  боюнча өндүрүштүн  көлөмүнүн көрсөткүчу болуп дүң  улуттук продукта эсептелет.

                 ДУП – бул жыл  ичинде экономикада акыркы  өндүрүлгөн  товарлар жана  кызмат  өтөөлөрдүн бүткүл  көлөмүнүн  рыноктук жыйынды наркы . Сатылган  жана  кайра сатылган продуктуларынын бөлүктөрүнүн  наркын  к өп  ирет  эсепке  албас  үчүн,  ДУП эсептөөдө  акыркы  продуктулардын   рыноктук  наркы   гана   эсепке  алынат   жана  ортодогу  продукциялар  алынып  ташталынат.

               Акыркы   продуктулар  дегенде,  кайра  сатыш  үчүн  эмес,  акыркы  керектөө   үчүн  сатылып  алынган  товарлар    жана  кызмат  өтөөлөр түшүндүрүлөт.  Эгерде  товарлар  жана  кызмат  өтөөлөр   рыноктук  колдонулуп  жаткан  баалар  менен  бааланса,  анда  номиналдык  ДУП  алынат,  ал  эми  качан  баанын   инфляциялык  өсүүсү алынып  ташталганда,  анда  реалдуу  ДУП  алынган  болот.

             Биздин  экономикада   дүң  коомдук продуктада—коомдо жыл ичинде  өндүрүлгөн  материалдык   байлыктардын  жыйындысы эсептелет.   ДУПдан  айырмаланып ДКП өзүнө  кайталанылган  эсепти   дагы  камтыйт  жана  өндүрүштүн   көлөмүн  көбөйтөт. Олутуу көрсөткүч  болуп   улуттук  киреше  эсептелет--  бул  жаңы   түзүлөн  нарк.

            

          Баалардын  стабилдүү  деңгээли

     Бул,  баалар  суроо—талап  жана  сунуштун  негизинде,  рыноктун   конкуренциянын  негизинде  түзүлүшөт   дегенди   билгизет.  Баалар  экономикада  олуттуу  ролдо  ойношот,  жогорку баалар  өндүрүштү  стимулдаштырышат,  жумушсуздукту   кыскартышат.  Бул  туруктуу  рыноктук   экономика  үчүн  мүнөздүү.  Тартыштык   жасалма  түзүлгөндө  жана  сунушту  кыскартканда  дагы  баалардын  өсүүсү  жүрөт.

        Баалардын   деңгээлиндеги  өзгөрүүлөр  потребиталдык  баалардын  индексинин   жардамы  менен  ченелишет.  Аны  үчүн,  өлкөдө  орточо  жашоочу  алып   жаткан  “товарлардын  корзинасы”   деп  аталган  потребителдик   товарлардын  тизмеси   түзүлөт,  бааларды   кошушат. Эми  баалар  айга,  кварталга,  жылга   өзгөргөндугүн  аныкташ  үчүн,  ар  бир мезгилдин  башталышындагы    жана  аягындагы бааларды  эсептөө  зарыл. Алынган  жыйынтыктарды  салыштыруу  менен  баалардын   инфляциалык  өсүүсүн   же  инфляцианын   деңгээлин  билебиз.

          Рыноктук  экономикада  жумушсуздук  биринчи  планга  чыгат.  Командалык  экономика шартында   биздин  өлкө  элди  жумуш  менен   жасалма   камсыз  кылган  бул  проблема  биздин  өлкөдо  ачык  турган  эмес,  бирок  рынокко  өтүү  мезгилинде  КМШ   өлкөлөрүнүн  бардыгында   жумушсуздук   пайда  болду  жана   экономикадагы   структуралык  кайра  куруулар   тереңдеген  сайын   жумушсуздук  көбөйөт.  Кыргызстанда  1993--  жылдын  1--   январына  1796    жумушсуздар   катталган,   жумушсуздардын  ичинен   60%   иш  каналарды   жоюу  же  реорганизациялоого,  персоналдарды   кыскартууга   байланыштуу  бошотулгандар  түзүшөт.  Көпчүлүк  жумушсуздар  жогорку  же   атайын  орто   билими  барлар.

         Тышкы  соодалык   баланстты   колдоо:  Тышкы  соода   өндүрүштүн   көлөмү  менен  тыгыз  байланышта. Ар  бир  өлкө  эмгектин   эл  аралык   бөлүнүшүнө   кирген.  Өндүрүлгөн   продукциялардын   бир  бөлүгү  чет  элге  чыгарылат   б.а.  экспорттоштурулат.  Экинчи   жагынан,   өлкө  тигил  же   бул   продукцияларды    чет   элден  алып   келет   б.а.  импорттоштурат

        Реалдуу   чындыкта   соода  балансы   иш--  чаралардын  системасы   менен   жөнгө  салынып  турат,  ал  система   тышкы соодадагы   болуучу   чукул төмөн  түшүп   жана  өйдөлөп  кетүүнү  болтурбай  коюну  мүмкүн  кылат,  чыгымдарга  жана  өлкөнун   ичиндеги   өндүрүштүн   көлөмунө  тассир  этет.

        Өндүрүштүн  улуттук  көлөму   өлкөнүн   экономикасында   болуп   жаткан  өзгөрүүлөрдү  бардыгын  чагылдырат.  Ошону  үчүн  өндүрүштүн  көлөмүн,  биз  биринчи  суроодо  кыскача  карап   кеткен  көрсөткүчтөрдүн  негизинде,  аябай   так өлчөө  өзгөчө  манилүү.   

        Биздин  статистикада   бул  көрсөткүчтөр  эсептелинбейт,  бирок  кийин   качан  Кыргызстан   рыноктук   экономикага   толук  өткөндө   бул  көрсөткүчтөр   биздин  статистикадан  орун  алат.

         Кыргызстанда   улуттук   экономиканын   функцион  алышынын   жыйынтыктарын    өлчөөнүн  азыркы  көрсөткүчтөрү,   өндүрүштүн  көлөмдөрүнүн   төмөндөп   атканы,   инфляцииянын   өскөнү,  демек  эмгекчилердин  деңгээлинин   төмөндөшү  жөнүндө   күбө   болушат.    Ал  эми  биздин  шарттарда  экономиканы  стабилдештирүү   структуралык  кайра  куруу  жана  колдоо  болгон   өндүрүштүк  кубаттуулуктарды   аракетке   келтирүү  милдети  коюлуп   жатат.

 

            

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

            План:

 

    1.    Улуттук   экономика.

 

    1.    Улуттук   экономика  жана  анын   максаттары.

 

    1.    Баалардын  стабилдүү  деңгээли.

  

    1.    Улуттук экономиканын   функционалышынын  жыйынтыктарын өлчөө.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

         Колдонулган адабияттар:

 

 

 

  1. “Экономикалык теориянын негиздери”.

Белеков Ж. Бишкек-2004-ж.

  1. “Экономическая теория”.

В.Д. Комаева. Москва-2003-ж.3. “Рынок экономикасы”.       Э.Мамбетөмүрөв.,Т.Р.Баялиев. Бишкек 2011ж.

 

 

 

 

 

 

 

    Кыргыз Республикаснын

Билим берүү жана Илим министирлиги

Жалал-Абад Мамлекеттик Университети

Жалал-Абад Колледжи

 

 

 

 

 


               

   

 

 

 

 

         Тема:  Улуттук   экономика.

 

       Аткарган: Токторали кызы Гүлзада.

 

       Текшерген: Нышанбаева Акинай.

 

 

 

 

 

 

                                      Жалал-Абад-2012


Информация о работе Өндүрүштүн улуттук көлөмүнүн стабилдүү өсүүсү