Автор: Пользователь скрыл имя, 25 Февраля 2013 в 13:07, реферат
Адам баласы өзүнүн керектөөлөрүн канаттандырыш үчүн ресурстарды (эмгек, жаратылыш ж.б.) рационалдуу пайдалануу менен бирге өндүрүштү өнүктүрүүсү зарыл. Экономикалык ресурстар дегенде биз, экономикалык иш аракеттерде пайдаланып жаткан жаратылыш, адам баласы өндүрүп турган ресурустардын бардыгын түшүнөбүз (бул ресурстар өндүрүштүк факторлору катары кабыл алынган).
КООМДУК ӨНДҮРҮШ
Адам баласы өзүнүн керектөөлөрүн
канаттандырыш үчүн ресурстарды (эмгек,
жаратылыш ж.б.) рационалдуу пайдалануу
менен бирге өндүрүштү
· Заттык фактор.
· Өндүрүштүк фактор.
Заттык фактор: эмгек предмети, эмгек каражаты болуп бөлүнөт. Эмгек предметине чейин заттар жана материалдар, кен байлыктар ж.б кирет. Эмгек каражатына техникалык түрдүү жабдыктар, өндүрүш куралдары кирет. Өздүк факторго - эмгек ресурусу жана ишкерчилик иш аракеттери эсептелет.Эмгек- бул аң сезимдүү кыймыл аракети. Бул термин адамдардын товарларды өндүрүүдө, кызмат көрсөтүүдө акыл жана күч жөндөмдүүлүктөрү белгилөө үчүн кабыл алынган.
Ишкерчилик - бул демилгелүүлүк дегенди түшүндүрөт. Же болбосо тобокелге (риск) баруучу адам, иш жүргүзүүчү процессинде негизги чечимдерди кабыл алуу боюнча татаал милдетти өз мойнуна алат.Демек заттык факторду кыймылга келтирүү үчүн, өздүк фактор талап кылынат дагы бул эки фактордун биригүүсүнүн натыйжасында коомдо өндүргүч күчтөр пайда болот.
Өндүргүч күчтөр. Өндүргүч күчтөр илимий техникалык революциянын негизине активдүүлүгү менен айырмаланат. Өндүрүштүк мамилелер. Өздүк жана заттык факторлордун өз ара биригишинин натыйжасында өндүрүштүк мамиле келип чыгат. Башкача айтканда ишканалар иштей баштаганда бири-бири менен өндүрүштүк мамиледе болуп алмашуу процесси жүрөт (М: чейинки сыре, энергия өндүрүш каражаттары). Өндүрүштүк мамилелер эки түрдүү болот: уюштуруучулук экономикалык жана социалдык экономикалык.
Уюштуруучулук- өндүрүштүк мамиле ошол эле өндүрүштүн өзүндө болот. Мындайча айтканда ишканалардын, цехтердин жумушчуларынын ортосундагы мамиле.Социалдык экономикалык мамилелер өтө татаал болушу менен бирге өз ичине түрдүү мамилелерди камтыйт. Мисалы, ишкананын мамлекет органдары, мекемелери, уюмдар менен болгон мамилелери. Бул маммилелер финансы, салык органдары өз ара төлөмдөр, социалдык камсыздандыруучу жана башкаларды ишке ашыруудан келип чыгат.
Коомдук продукт. Өздүк жана заттык факторлордун өз ара аракеттеринин натыйжасында коомдукт продукт өндүрүлөт. Коомдукт продукт- бул бир жылда өлкөнүнү бардык өндүрүлгөн продуктасы болуп эсептелет, ал коомдук жыйынды продукт деп аталат. Анын формуласы СОП= С+V+м
С - туруктуу капитал же өндүрүш каражаттарынын өндүрүлгөн продукцияга өткөн наркы.
V - өзгөрүлмө капитал, зарыл продукт же материалдык өндүрүш сферасында иштегендердин кызмат акысы.
М - кошумча нарк же кошумча продукт деп аталып өндүрбөөчү сфера жана накопление үчүн пайдаланылат.
Коомдук продукт негизинен төрт стадияны басып өтөт:
1. өндүрүш,
2. бөлүштүрүү,
3. алмаштыруу,
4. керектөө.
Мында эң баштапкысы өндүрүш
- пайдалуу продуктаны чыгаруу процесси.
Өндүрүш процессинде
Бөлүштүрүү - ар бир адамдын эмгегинин натыйжасында түзүлгөн байлыктарынын үлүшү. Бул үлүш биринчи кезекте өндүрүлгөн жаратылыштын бөлүштүрүүлүгө тийиш болгон санына жараша болот. Бөлүштүрүүдн тийген продукталардын баары эле өз керектөөлөрү үчүн жумшала бербейт. Анткени адамдар башка да керектелүүчү продуктуга муктаж. Натыйжада бири- бири менен алмашуу процесси жүрөт.
Коомдук масжтабда өндүрүү,
бөлүштүрүү, алмаштыруу жана керектөөнүн
ортосундагы өз ара байланыштар
алда канча татаалыраак. Максатта өндүрүш
менен керектөөнүн ортосунда аж
Алмаштыруу - өнөр жай ишканаларында даана байкалат. Мисалы Оштогу «Текстилщик» акционердик коомуну айталык конструкторлордун, инженер технологдордун, ар кандай кесиптеги жумушчулардын жана башкаруучулардын ж.б. иш аракеттеринин жана алардын жыйынтыктарынын ички алмашылышы жүрүп турат.
Керектөө - бул индивиддин маданий деңгээли жана нукура маңызы менен дал келип, атайын форманы алган муктаждык. Коомдук өндүрүш адамдардын керектөөлөрүн канаттандыруу үчүн пайда болгон жана өнүгүп келген. Керектөөлөрдүн бир бүтүн системасы жашайт. Америкалык окумуштуу А. Маслоу адам баласынын керектөөсү алда канча жогору, анын негизги материалдык керектөөлөр менен чектөөгө болбойт деп айткан. Абрахам Маслоу өзүнүн эмгегинде «керектөөлөр пирамидасын» сунуш кылат.
1. Өзүн өзү калыптандырууга болгон керектөө.
2. Сый урматка ээ болгон керектөө.
3. Социалдык керектөөлөр (достошу, сүйүү, мамиле түзүү).
4. Өзүн өзү коргоого болгон керектөө (душмандардан коргонууга, оруп калганда жардам алууга).
Адам баласы эң негизги керектөөсүн канаттандырууга умтулат. Кандайдыр бир маанилүү керектөөсүн канатандыра алса, ал убактысынча кыймылдаткыч мотив болуп калат, бирок ошол эле убакытта мааниси боюнча кийин турган керектиктерин канаттандырууга аракеттенүү пайда болот.Керектөө өзүнө да ар кыл түрдөгү кызмат көрсөтүүлөрдү камтыйт. Өздүк керектөөлөрдөн башка дагы ишканалардын мамлекеттик органдардын керектөөлөрү болот, аларды канаттандыруу өзлөрүнүн өндүрүштүк жана башка максаттарын ишке ашырып турууга шарт түзөт.Экономикалык теория предметинин милдетти өндүрүштү, бөлүштүрүүнүн башкаруучу мыйзамдарды табууда туурат.
Надстройка орнойт.
Надстройка - бул коомдун идеологиялык, саясий, уктары рухий мекемелери болуп эсептелет.Мисалы, ага мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу, жогорку жана жергиликтүү кеңештер, саясий партиялар, укук коргоо органдары, диний уюмдары, диний уюмдар ж.б. кирет. Надстройка өндүрүш жолу менен дал келбестен, өз ара кызматташтыкта болуп бири- бирине жардам берип турат.Жаңы пайда болгон терминдер заттык фактор, өздүк фактор, эмгек өндүргүч күчтөр, өндүрүш, бөлүштүрүү, керектөө, алмаштыруу, базис, надстройка.